14-декабрда Орусиянын Волгоград облусунун Урюпинск шаарындагы мунай базасында дрон чабуулунан улам өрт тутанганын губернатор Андрей Бочаров билдирди.
Анын айтымында, мунай базасында дрондун калдыгы кулагандан кийин өрт чыккан. Ага жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланган, жабыркагандар жок.
Astra Телеграм-каналы ачык булактарга таянуу менен Урюпинскидеги "АльфаОйл" базасында 18 резервуар бар экенин, ал мунайзатты сактап, андан кийин кардарларга жиберерин жазды. Мунай базасына 3-декабрда да дрондор менен сокку урулган.
Ярославлда "Славнефть-ЯНОС" мунайды кайра иштетүүчү заводуна кайрадан сокку урулду. 12-декабрда да дрондор аталган ишкананы бутага алган.
Краснодар крайында жергиликтүү тургундар Афипский мунай заводунун жанында жарылуулар болуп, жакын жердеги үйлөр зыян тартканын билдиришкен. Краснодар крайынын бийлиги дрон сыныктары эки жерге кулаганын, өрт өчүрүлгөнүн ырастады, жабыркагандар жок.
Тула облусундагы Щекино шаарынын тургундары 17-июлдагы чабуулдан кийин ишин токтоткон "Щекиноазот" химиялык заводунун жанында жарылуу болуп, өрт чыкканын билдиришти. Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев Телеграмдагы баракчасына абадан коргонуу күчтөрү аймакта 15 украиналык дронду атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин, инфраструктурага зыян келтирилбегенин кабарлады.
"Щекиноазот" метанол, капролактам, минералдык жер семирткичтер жана күкүрт кислотасын чыгарат. Заводдун карамагына Украина санкция салган "Химволокно" ишканасы да кирет.
Украинанын Exelinova+ Телеграм-каналы Орусиянын Смоленск райондук электр станциясына (жергиликтүү бийлик муну төгүндөдү) сокку урулганын жазды. "Крымский ветер" каналы аннексияланган Крымдын Жанкой шаарындагы электр көмөкчү станциясына жана Симферополдун жанындагы Битумное айылындагы мунай кампасына сокку урулганын кабарлады.
Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү бир түндө Украинанын 141 дронун кармап же жок кылганын билдирди. Урюпинск шаары караган Волгоград облусу тууралуу министрликтин маалыматында айтылган эмес.
Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага 120дан ашык дрон жана бир ракета менен сокку урганын украин аба күчтөрү 14-декабрда билдирди.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.
Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага 120дан ашык дрон жана бир ракета менен сокку урду.
Бул тууралуу Украинанын аба күчтөрү 14-декабрда билдирди. Маалыматта Украинаны бутага алган учкучсуз аппараттардык 85и "Шахед" үлгүсүндөгү жанкечти дрондор экени айтылат.
"Искандер-М" баллистикалык ракетасы бир жерге, дрон жана анын калдыктары алты жерге тийген. Украин тарап 110 дронду атып түшүргөнүн же кармаганын маалымдады.
Армиянын күнүмдүк маалыматында чабуулдун кесепеттери тууралуу айтылган эмес. Буга чейин Одессага сокку урулуп, Херсондогу аткылоодо үч киши жараат алганы кабарланган.
Ал тапта Украина Орусиянын Краснодар крайындагы мунай заводуна жана Урюпинскидеги мунай базасына сокку урганы тууралуу кабар тарады.
Жекшембинин түнү Орусиянын бир нече аймагынын бийлиги украин дрондорунун чабуулу тууралуу билдиришти. Телеграм-каналдарда ар кандай өнөр жай объектилери бутага алынып, зыян келтирилгени жарыяланды. Бийлик азырынча Волгоград облусунун Урюпинск шаарындагы мунай базасында өрт чыкканын гана тастыктыды.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.
Кошмо Штаттар Украинадагы согушту токтотуу сүйлөшүүлөрү алкагында өлкөнүн чыгышында эч бир аскерлер болбой турган өзгөчө экономикалык аймак түзүүнү сунуштап жатканын украин президенти Владимир Зеленский 11-декабрда Киевде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
"Алар Донецк облусунан украин аскерлери чыгып кеткидей, мунаса катары ал аймакка орус аскерлери кирбей тургандай болушу керек деп жатышат".
Зеленскийдин айтымында, АКШ "Орусия Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынан өз аскерлерин чыгарып кетүүгө милдеттүү болбошу керек, ал эми Днепропетровск, Харьков жана Сумы облустарынан чыгарып кетиши зарыл" деп эсептейт.
АКШ менен сүйлөшүүлөрдө талаш жараткан пункт Донецк облусунун аймагы жана ага байланыштуу башка да маселелер, ошондой эле Орусия өз көзөмөлүнө алып алган Запорожье атомдук электростанциясынын келечектеги макамы экенин айткан Зеленский "Биз бул эки маселени талкуулоону улантып жатабыз" деп кошумчалады.
Зеленский Украинанын жери тууралуу кандай гана маселе болбосун, жалпы элдик талкууга чыгарылышы керектигин айтты. АКШ Украинанын коопсуздугуна кандай кепилдик бере алары тууралуу маселе да талкууланып жатканын айтып, бул жаатта "конструктивдүү жана мазмундуу сөз болгонун" билдирди.
Ал тапта Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт 11-декабрдагы басма сөз жыйынында өлкө президенти Дональд Трамп Украинада тынчтык орнотуу процесси жай жүрүп жатканына байланыштуу Орусияга да, Украинага да "абдан нааразы" экенин айтты.
Соңку эки апта ичинде эле АКШ администрациясы орусиялыктар, украиналыктар, европалыктар менен жолугушууга, сүйлөшүүгө 30 сааттан ашык убактысын коротконун билдирген Ливитт Трамп сөздү токтотуп, аракет көрүүнү, согуштун басылышын каалап жатканын белгиледи.
"Кошмо Штаттар жана Трамптын администрациясы Орусия-Украина согушун токтотууга аракет кылуу менен активдүү алектенип жатышат", - деди ал.
Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп, күн сайын ракета, дрон аткылоосуна кабылып келатканына төрт жылга жакындады. Анын ички мыйзамдарына ылайык согуш учурунда эч кандай шайлоо өнөктүгү өтпөйт. Трамп президенттик кызматка киришкен күндөн тартып согушту токтотуу аракетин көрүүдө. Жакында анын администрациясы тынчтык планын иштеп чыккан, азыр ал документ талкууда.
Киевдин европалык өнөктөштөрү 13-декабрда кезектеги жолугушууга чогулганы жатышат. Алар Трамптын айрым сунуштарына макул эместигин билдиришкен.
Орусияда 11-декабрга караган түнү эки химиялык завод дрон чабуулуна кабылды. Телеграм-каналдар кабарлагандай, Новгород облусунун Великий Новгород шаарында жана Смоленск облусунун Дорогобуж шаарында жайгашкан ишканаларга сокку урулган.
Astra каналы жергиликтүү тургундарга таянып жазгандай, Великий Новгороддо “Акрон” жер семирткич заводуна дрон менен чабуул жасалган. Жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.
“Акрондо" аммиак селитрасы да бар. Анын компоненттери жарандык жана аскердик тармактарда да колдонулушу мүмкүн.
Ошондой эле Astra жана украиналык Supernova+ каналы маалымдагандай, дрондор Дорогобуж шаарындагы “Дорогобуж” химиялык заводун да бутага алган. Ал минералдык жер семирткичтерди жана технологиялык продукцияны чыгарган ишкана.
Телеграм-каналдар Дорогобуж районундагы Жылуулук электр борбору да жабыркаганын жазышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, бейшембиге караган түнү 12 облустун үстүнөн жалпы 287 украин дрону атып түшүрүлгөн.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык тармактарда жазгандай, Воронежде дрондун сыныгы электр берүү линиясын үзүп кетип, айрым жерлерде жарык убактылуу өчүп, шаардын сол жээгинде жылуулук менен камсыздоо жарым-жартылай үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары административдик имарат жана бир нече көп кабаттуу үйдүн терезелери жабыркаган.
Облустун түштүк тарабында өнөр жай объектисине тиешелүү имарат да бузулган.
Украина бул соккулар боюнча комментарий берген жок. Адатта Киев орус армиясына колдоо көрсөткөн ишкана-жайларга дрон менен чабуул коерун билдирип келет. Ал эми орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан чабуул коет.