Bloomberg: Зеленский Уиткофф менен Берлинде жолугушат

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбү күнү Берлинде Германиянын кацлери Фридрих Мерц, европалык лидерлер жана АКШнын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугат. Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Американын планын талкуулай турганын Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып жазганын Би-Би-Си кабарлады.

Пландалып жаткан жолугушуу тууралуу маалыматты кацлердин басма сөз катчысы Стефан Корнелиус ырастады.

Агенттиктин маалыматына караганда, лидерлердин жолугушуусуна чейин Украинанын, Европанын жана АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчилери тынчтык планынын долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө, бирок бул пландар өзгөрүшү мүмкүн.

Мунун алдында Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып Уиткофф Зеленский жана европалык лидерлер менен Берлинде ушул дем алыш күнү жолугарын жазган.

Дагы караңыз

Чүйдүн мурдагы губернатору көп аялдуулукка шектелүүдөЗеленский Орусия "өз карамагына алганын" айткан Купянскиге бардыОрус армиясы Украинанын Одесса облусуна сокку урдуСот активист Айбек Теңизбайды эки айга камакка алдыБШК №26 округ боюнча "далилдерди жасалмалоо болгон" деген билдирүүгө жооп берди